www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санаты жок калкы бар кытай өлкөсү бүткүл дүйнөнү акырын басып келатат. Биз эле эмес үлкөн держава болгон Россиянын айласын да кетирген кези. Айрыкча чек арага жакын Владивосток, Хабаровск, Уссурийск шаарларында кытайдын көбөйүп жатканына орустар нааразы. Тилекке каршы аларга бадыраң, помидор, капуста өстүрө салышып, жашап калуунун амалында болушууда кытайлар. Ал эми Кавказдагы кытайларды жергиликтүү эл кууп чыгууга катуу киришишти. Бул тараптын элинин каны туура эмес иштерди көргөндө дүргүп кетерин билебиз. Коңшу турган тажиктердин жерин болсо карызы үчүн алып коюшту. Кыргыз жеринде да жүз миңге чукул кытайлар кирип алганы боюнча маалыматтар чыгууда. Баарынан кейиштүүсү кыз-келиндерибиздин кытайларга тийип алганы болууда. Эгерде ушинтип кете берсек жыйырма жылда бизди кытайлар башкарып калышаарында шек жок. Бул өтө коркунучтуу.

Ал эми Кытайда жашаган боордошторубуздун камалышы тууралуу каңшаарлар чындык экени билинди. Анткени менен биздин мамлекеттеги башчылардын жиберген кайрылууларын тигил өлкөнүн чоңдору бир жерине кысып койот дегендин өзү нонсенс. Ошентсе да аракет кыла берүү кажет. Учурда жергебизде жашап жаткан мекендештер улам-улам бийликтегилерге кайрылышып, арыз-муңдарын билдиришүүдө. Акыйкатчыга да өз көз караштарын айтышып, бир туугандары, ата-энелери дайынсыз болуп жатканына токтолушту. Колдон келген чарасын аракетке келтиребиз дегени менен кытайлыктар бизди тоотор бекен деген суроо жаралат. Себеби, биз алардын ички саясатына таасир бере албайбыз. Ар бир өлкөнүн өз чечими болот. Ошентсе да кыргыз боордошторубуздун кайгысына кайдыгер карай албайбыз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости