www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күз жана кызыл алма

Алтын күз. Чындыгында эле азыр айлана-тегеректин баары алтынга чулгагандай сапсары, кызгылтың сары, жашыл сары түстөгү жалбырактарга оронуп ажайып бир сулуулукту, өзгөчөлөнгөн кооздукту тартуулап турса, салкын тарткан күзгү мээлүүн таза аба дагы, адамдын көңүл кушун сергитип көкөлөтөт! Ушул күздө сары алтынга боёлгондой түркүн кооз жалбырактуу, дүпүйгөн калың алма бакты аралап келатып бактарда кыпкызыл болуп бышып, сабагынан үзүлөйүн деп мөлтүрөп турган керемет алмаларды карап суктанып, буркураган таттуу жытына тойбой бараттым, - деп жазып чыкты "Факты.kg" сайты 5-ноябрда чыккан санында.

Мөлтүрөгөн шүүдүрүмдөр кызыл алмалардын ого бетер ажайып кооз сулуулугун ачып турса, сонуркооң бүтпөй көзүңдү ала албай ар бирине тигилесиң! Кызыл алмалар! Буркураган жыттуу, таттуу, кыпкызыл алмалар! Ооба, дал ушундай алтын күз эле анда, анан алма бактагы - Кызыл Алма! Ооба, ооба биз баарыбыз ар дайыма көрүп эле жүргөн, аралашып жүргөн, керек болсо ар бирибиз күнүгө жеп жүргөн эле Кызыл Алма!

А бирок биз, ар бирибиз алма бактарды дайыма аралап басып жүрүп дагы, жыты буркураган кыпкызыл алманы колубузга алып жеп жатып дагы, өзүбүз каалашыбызча үйдөгү корзиналарды, идиштердин бардыгын үзүлгөн кыпкызыл алмаларга толтуруп үйүп коюп дагы, эч кимибиз эч качан ойлонбос элек, ушул кичинекей эле бир тоголок "Кызыл Алма" - жөнүндө! Кыргыздын кыпкызыл бир тоголок алмасы тууралуу, - ушунчалнк сонун, дүйнөлүк деңгээлдеги керемет бир укмуш чыгарма жазса болот деп!

Анан дагы, ошол бир кыпкызыл алма биздин атагыбызды тээ, алыскы дүйнөгө таанытат деп! Кайра, ошол эле "Кызыл Алма" тууралуу жазылган шедевр чыгарма жөнүндө, дагы бир кайталангыс шедевр классикалык кино жаралып, бүткүл дүйнөгө даңаза болуп тарыхта түбөлүккө калат деп! Албетте, бул эч кимибиздин эч качан оюбузга келбейт дагы, келмек дагы эмес! Өтө дасыккан, жогорку деңгээлдеги чебер, өтө кылдат зергер, капыстан таап алган, баалуу азем ташты улам түрлөп иштетип отуруп, тынбай курчутуп, түркүн түргө бөлөп жатып, эң бир баалуу, бийик даражалуу, көргөндүн көз жоосун алган, ажайып көрктүү, кереметтүү кайталангыс бир асыл буюмду өзгөчөлөнтүп сыйкырга бөлөп жасап чыгаргандай эле, дүйнөдөгү өтө сейрек таланттуу, акылман, бийик чебер, гениалдуу адамдардын жан - дүйнөсүнөн жаралып колунан чыккан укмуштуудай сейрек гана эмгектер, бул Ааламдагы бирден бир жаралган кайра кайталангыс жана кунсуз баадагы дүйнөлүк - Шедевр болуп эсептелинет!

Ошондуктан дүйнөдө алар өтө аз санда жана кайра кайталанбай тургандай болуп жаралат! Ал эми андай асылбаа шедеврлерди жараткандар бул албетте - адамзаттын Генийинин гана колунан келет! Дүйнөдөгү кайсыл тармак болбосун мейли илим-билим, искусство, маданият, архитектура, живопись, музыка же адабият тармагында болсун генийлердин жан-дүйнөсүн жарып чыгып алтын колунан жаралган ар бир шедевр чыгармалар бир эле элдин же улуттун, мамлекеттин байлыгы эмес, тээ байыртан бүгүнкү күнгө чейинки жалпы адамзаттын баа жеткис, кунсуз байлыгы зор дөөлөтү болуп эсептелинип келген кылымдар бою! Алар арадан дагы далай доорлор кылымдар алмашса дагы, эчен мезгилдер бою жер планетасындагы адамзаттын баа жеткис мурас байлыктары катары бул дүйнөдө жашап, кызмат кыла берээри чындык!

Ал эми ушул дүйнөдөгү жалпы адамзатынын улуу байлык, дөөлөтүнө айланган кайталангыс шедевр чыгармаларды жараткан адамзат генийлеринин бири бул, улуу Чыңгыз Айтматовдой Даанышмандын кыргыз уулу болуп жаралганы, кыргыз элинен чыкканы кандай гана керемет! Кыргыздын Кеменгер уулу өзүнүн жараткан укмуштуудай шедевр чыгармалары аркылуу кыргыз элинин, кыргыз жеринин атагын дүйнө элине таанытканына, кылымдарга кала турган баа жегкис руханий улуу дөөлөттү түзүп, түбөлүктүү улуу мурасты бул ааламга жаратып калтырып кеткени үчүн бул дүйнөнүн руханий казынасына зор салым кошкондугу үчүн биз, кандай гана бактылуу, дүйнөдөгү теңдешсиз, чексиз бактылуу элбиз деп өзүбүз сыймыктана алабыз!

Бүткүл дүйнө элинин жүрөгүн багынтып, жан-дүйнөсүн аруулап сүйүүгө бөлөгөн баа жеткис, кайталангыс, керемет чыгармаларды жараткан Чыңгыз Айтматовдой Гений уулду жараткан Кудай башка элге эмес, Азиядагы байыркы, улуу элдердин бири болгон кыргыздардын маңдайына жазып, буюрганы үчүн, биз ар дайыма сыймыктануу менен Жаратканга алкыш айтабыз! Дүйнөлүк даанышман, касиеттүү кеменгер, теңдешсиз таланттуу, гениаддуу жаратман Чыңгыз Айтматовдой кыргыздын уулуна миң мертебе ыраазычылык билдирип, ар дайыма таазим этебиз! Кыргыз элинин Улуу гуманист уулу Чыңгыз Айтматовдун бир эле эмес, жараткан ар бир чыгармасы дүйнөлүк деңгээлдеги шедевр болуп жаркырап, Ааламдагы адамзаттын руханий асманында күндүзү күндөй, түнкүсү айдай нурун төгүп, жылдыздардай жаркырап турган кези!

Жер үстүндө адамзаты жашап турган мезгилде, эчен доорлор бою, кылымдардын кыйырында дагы ар дайыма бийиктикте жаркырап жанып тураары анык! Бар болсун, Айтматовдун дүйнө адамзатынын түбөлүктүү руханий Асманын жаркыратып турган улуу Ааламы! Адамзатын аруулап ар дайыма улуулукка чакырып, сулуулукту тартуулап турган жан-дүйнөгө жагымдуу, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашаган нур жылдыздуу рух асманы! Жашасын Айтматовдун түбөлүктүү чыгармачыл руханий экинчи өмүрү! Айланада болсо азыр, алтын күздүн мемиреп турган асыл кези! Алтындын буусуна боёлгондой алтын сары, кызгылт түстүү кооз жалбырактуу бак-дарактар, алма жыттуу алма бактары өзүнүн аземдүү кереметин чачып турган кушубак маалы!

Быйылкы кыргыз жергесинин күз маалындагы түшүмү дагы молчулукка, береке толуп, өзгөчө кыпкызыл алмалардын быйылкы берекелүү түшүмүн айта көрбө! Көрүп эле көзүң тоюп көкүрөгүң толкуйт! Алма бактарды аралай учуп, улам бир даракка учуп - конгон куштардын түркүн кооз сайраганычы, теребелди күүгө бөлөйт.! Кыпкызыл алмалары чытырап бышып, төгүлүп турган күз маалындагы алма бакты аралап баратып, көңүлүмдө дале Айтматовдун аруу ааламынан чыгалбай ойго чөмүлүп, өзүмчө жайдары сүйүнүчкө батам!

Айтматовдун "Кызыл Алмасындагы" Анарадай, алма бакты аралап жүрүп таап алган колундагы тоголок кызыл алмасын атасына берейинчи деп, ушунчалык сүйүнүчкө батып чуркап бараткан убагындай болуп, бүгүн мен дагы күз жыттанган алма бакты аралап келатып, жыты буркурап, күзгү күнгө чайынган кыпкызыл алмаларды кучагыма толтуруп терип алып, ата-энеме, балдарыма берсем экен деп, алмаларга суктануум бүтпөй кызыл алмалар дүйнөсүндө арууланып кубанычтуу бараткан кезим! Бар болсун, алтын коңур күз! Бар болсун кызыл алмалар! Арыбасын Айтматовдун ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашаган жылдыздуу Ааламы! Бар болсун "Кызыл Алма"!.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости