www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү куралданган согушкерлер тажик-өзбек чек арасына кол салган. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгы маалымат таратты.

Маалыматка караганда, бет кап кийген жыйырмага жакыш согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Султанабад" отрядынын №4 "Ишкобод" чек ара бекетине чабуул койгон. Айтылган аймак Тажикстандын борбор шаары Душанбеден 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кол салгандар ал жерден беш автоматты алып чыгып кетишкен.

"Күч түзүмдөрүнүн операциясынын жыйынтыгында куралданган кылмыштуу топтун 15 мүчөсү курчоого алынып, ошол жерден жок кылынган. Ал эми бешөө колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Согушкерлер менен атышууда бир чек арачы менен милиционер курман болгон. Учурда окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости