www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 44-жумасында, 28-октябрдан  4-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Өткөн 43-жумага салыштырмалуу  1,8%га төмөндө инт.көрсөткүч 55,4 түздү  (3503 учурга салыштырмалуу 3439 учур катталды). Ал эми былтыркы жылдагы 44-жумага салыштырмалуу 10,1%га төмөн катталды (2018-ж. 44-жумада инт.көрсөткүч 60,5 түзгөн). Бул тууралуу КР саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сасык тумоого каршы 150 534 доза "Гриппол плюс" вакцинасы сатылып алынып, тобокел топторго киргендерге (медициналык кызматкерлер, өнөкөт оорулар менен ооругандарга, тез-тез ооруган балдарга, балдар үйүнүн, мектеп-интернаттардын балдарына, кош бойлууларга ж.б. алар 600 миңден ашык адам) багытталган жана бардык региондорго таркатылып, 4-ноябрга карата  сасык тумоого каршы эмдөө иштери 92%га аткарылды.

Мындан сырткары, сасык тумоого каршы алдын ала эмдөө алууну каалагандарга Бишкек шаарынын менчик медициналык борборлорунда (Гиппократ, Малыш, Кроха, Цадмир, Доктор kg, №6, 8 ҮМБ) акы төлөөнүн негизинде (600-650 сом) жүргүзүлүүдө.

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын алгачкы белгилеринде  жашаган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылыңыздар.

Эсиңиздерге салабыз, эс алуу күндөрү Бишкек шаарындагы ҮМБлордо саат 14:00 чейин дарыгерлердин нөөмөтү уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости