www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев карылар күнүнө карата улгайган адамдарды куттуктады.

Өкүл алгач эле, Сузак районундагы улгайган жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги мекемесине барып, карылар күнү менен куттуктап, акчалай жардам көрсөттү.

Андан соң, Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгын тургуну 100 жашка толгон Сонунбү Эримбетова жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн жашоочусу 108 жаштагы Саламатхан Исмаилова энелерден кабар алып, белектерин тапшырды.

Кыянбек Сатыбалдиев: "Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы келечек муун үчүн мыкты кеңеш болот. Биз улгайган адамдарды ар дайым колдоого алышыбыз керек"-деп белгилесе, кадырман карылар облус башчысынын келгенине ыраазычылык билдиришип, алакан жайып, ак тилектерин айтышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости