www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты «Республика - Ата-Журт» фракциясынын депутаты, 30 жаштын кырынан эми ашкан Акылбек Жамангулов «Мегаком» компаниясынын башкы директору кызматына барды. Буга дейре, "Энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке барам" - деп жээлигип ою ордунан чыкпай, шабайы сууган. Бул жолу тилегине жетга.
Мурунку директор Азат Базаркулов 17 миң айлык алат экен дегенди айтып, шилекейи агып жүрчү эле. Эми өзү ьшсап кылып мамлекеттин акчасын жегендерди көзөмөлдөп, 17 миң доллар айлык алгандан уялып, напсисин ооздуктай алаар бекен? Болбосо май кармаган бармагын жалайт деген ушул тура деп, өзү кыйкырып жүргөн учурун унутуп, беш колун батырабы? Кандай иштейт аны мезгил таразалайт дечи, ошентсе да жаш, жигердүү жигит катары эл, мамлекет үчүн иштейт деп үмүт кылалы...
Айтмакчы Жамангуловдун ордуна аталган партиянын талапкерлер тизмесинде мандат алуу боюнча № 90 болуп Нурбек Токонов келгени турат.
Булак: "Ачык саясат"