www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Россия жана Түркмөнстан менен ар биринен 1 миллиард 700 миллион киловатт-саат энергия сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымына караганда, негизги ГЭСтерде суунун таңсыктыгы 2 миллиард куб метрди түздү.

"Россия электр энергиясын сентябрдан тарта апрелге чейин берет. Түркмөнстан менен азыр баа боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Байгазиев.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан жыл соңуна чейин Россиядан 1,5 миллиард киловатт-сааттык электр энергия алууну пландап жатканын министр Таалайбек Ибраев айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости