www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузактагы ок атууга байланыштуу дагы 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-августтан 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында "Деу-Нексия-2" үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга "Хундай-Гетс" үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан.

Натыйжада Н.С. денесинен оор жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт 30-августта Сузак РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБинин, Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрү жана ИИМдин АБПнын Жалал-Абад облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары 1999-жылы туулган Ж.Э. жана 2000-жылы туулган Р.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, буга чейин бул окуяга байланыштуу Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М. кармалган болчу. Анын башка коргоо чарасы бүгүн Сузак райондук сотунда каралууда.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости