www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга сапар менен келген Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкочту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде адам укуктарын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Түркиянын башкы омбудсменинин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда эки өлкөнүн акыйкатчы институттарынын ортосунда байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу ниетин канааттануу менен баалады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык жана бир туугандык мамилелер күн сайын бекемделип жатканын белгилеп, Шереф Малкочтун мамлекеттик кызматтагы бай тажрыйбасы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын мындан ары да бекемделишине олуттуу салым кошот, деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолдогон саламын айтты.

Ал боордоштуктун негизинде динамикалуу өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелерди белгилеп, адам укуктарын коргоо жаатында өнөктөштүктү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Шереф Малкоч сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн акыйкатчыларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө кол коюлган меморандум тууралуу маалымдап, өз ара сапарларды жасоо жана тажрыйба алмашуу жолу менен кыргыз кесиптештери менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости