www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok социалдык тармагын жайылтуу ишин токтотууну чечти. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйгөн.
Маданият министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын мазмунуна мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө TikTok платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.
"Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg