www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын 2026-жылдагы консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландаштырылганын Жогорку Кеңеште билдирди. Ошондой эле, андан кийинки жылы бул каражатты 1 триллион сомдон ашырууга аракет көрүлөрүн убада кылды.
Консолидацияланган бюджеттин кирешеси 551,2 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 550,8 миллиард сомду болот. Ошондо өкмөт кийинки жылы 400 миллион сомдон ашык профицит менен чыгууну көздөп жатат.
Бюджеттин 460,8 миллиард сому салыктык кирешелерден түшөт. Анын ичинен Салык кызматына 318,2 миллиард сом, Бажы кызматына 142,6 миллиард сом чогултуу планы коюлду.
Ал эми консолидацияланган казынадан 230 миллиард сомдон ашык чыгаша социалдык багытка, 183 миллиард сомдон ашыгы экономиканын реалдуу секторуна жумшалат. Мунун ичинен капиталдык салымдарга 27,7 миллиард сом, Барскоон-Бедел жолун куруу сыяктуу долбоорлорго 17 миллиард сомдон ашык каражат коротуларын Адылбек Касымалиев кошумчалады.
Өкмөт башчы 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүү темпи 10,8 пайызды түзүп, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасынан биринчи орунга чыкканын, кийинки жылы да бул темпти кармоого аракет болорун белгиледи.