www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 27-апрелинде Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын делегациясы төрага Мурадил Джумадилде уулунун жетекчилиги алдында Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешинин IX жыйынына катышты.
Жыйынга ошондой эле Казакстан, Монголия, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук профборборлорунун жетекчилери, ошондой эле ACTRAV/ЭЭУнун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Сергеюс Гловацкас катышты. Бул жыйындын жогорку деңгээлде өткөнүн жана анын маанилүүлүгүн көрсөттү.
Күн тартибине ылайык, катышуучулар социалдык диалогду өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашышты. Эмгекчилердин социалдык-экономикалык укуктарын коргоо, мамлекеттик органдар, иш берүүчүлөр жана профсоюздардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу төмөнкүлөрдү белгиледи.
«Бүгүн биз олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Жасалма интеллект, санарип платформалар жана чек ара аралык иш менен камсыз кылуу жаңы мамилелерди талап кылат. Биздин милдет — болгону жооп берүү эмес, эмгек адамы биринчи орунда турган саясатты калыптандыруу. Биримдик аркылуу гана ар бир кызматкер үчүн татыктуу шарттарды камсыз кыла алабыз».
Жыйындын негизги окуясы — Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешин Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар Конфедерациясына айландыруу маселеси болду.
Мурадил Джумадилде уулу бул кеңеш —диалог үчүн маанилүү аянтча болду. Ал эми Конфедерация — бул реалдуу таасир этүүчү инструмент. Бул жөн гана аталыштын өзгөрүшү эмес, жоопкерчиликтин жана мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы деңгээлине өтүү. Конфедерация аймактын үнүн күчөтүп, бирдиктүү күн тартибин түзүүгө, жалпы стандарттарды иштеп чыгууга жана эл аралык деңгээлде бирдиктүү субъект катары чыгууга мүмкүнчүлүк берет, экендигин белгиледи.
Жыйындын алкагында достукту чыңдоого багытталган футбол турнири да уюштурулду. ККБФ курама командасы 3-орунду ээлеп, жогорку жыйынтык көрсөттү. Турнир өтмө кубок үчүн өткөрүлүп, өлкөлөр ортосундагы ынтымактын символу болуп калды.
Бул иш-чара Кыргызстан кесиптик бирликтерин аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эмгекчилердин укуктарын коргоого болгон активдүү позициясын дагы бир жолу тастыктады.