www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында «Сапат» лицейинин мугалиминин колунан 7 окуучу жабыркаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, педагог кол көтөргөн балдар 10-класстын окуучулары.
«Алардын бирөөнүн мурду канаган, дагы бирөө башы жана жүрөгү айланып жатканын айткан. Жалпысынан 7 окуучу жабыркайт. Министрлик «Сапатка» жатаканалардын шартын жакшыртуу жана көзөмөлдү күчөтүп, зомбулукка жол бербөө тапшырмасын берди», — деди Муратбек Касымалиев.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун маалыматында, лицейдеги окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. Балдарды сабаган мугалим үй камагына чыкты.
Белгилей кетсек, 22-январда 35 жаштагы Г.О. аттуу, түрк тил мугалими 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн, аны коридорго алып чыгып, бетине бир нече жолу уруп жиберген. Бул боюнча видео интернетте таркагандан кийин, 25-январда гана белгилүү болгон.
Булак: NazarNews.kg