www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым жарандардан, медицина кызматкерлеринин жакындарынан ар кандай даттануулар көп экенин белгилеп, алардын иши үчүн зарыл бардык шарт түзүлүшү керектигин билдирди.

“Медицина кызматкерлери бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек. Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын маршруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабагынын көрүп турабыз”, - деди Абылгазиев.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүүсү керектигин эскертти. Муну менен катар алар коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө максатында гигиенаны катуу сактоого милдеттүү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости