www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аппараты кабарлады.
Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин жеринде биргелешип изилдөө тууралуу макулдашуу кабыл алынды.
Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстандын аймагында өтөрү күтүлүүдө.
Булак:NazarNews.kg