www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевге каршы оппозиция башында Апсамат Масалиев, Жумгалбек Аманбаев, Медеткан Шеримкулов сыяктуу бүткүл союзга аты белгилүү адамдар болсо, Бакиевке каршы оппозиция башында ал кезде эл көп тааныбаган, азыр элге таанымал Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаевдер болгон.

Атамбаевке каршы оппозиция башында Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров сыяктуу элге аты чыгып калган адамдар турар эле. Эмки жаңы оппозициянын башында элге аты-жыты белгисиз жалаң соттолгондор чогулган. Муну кандай түшүнсө болот, балким чыныгы оппозиция али жүзүн көрсөтө элек, азыркы бийликке Азимбек Бекназаров айткандай күзгө чейин элдин талабын аткарууга мөөнөт берип жаткандай. Ал эми Атамбаевдин оппозицияга өттүм дегенин, көпчүлүк бийликти талашууга өттүм деген өтмө мааниде түшүнүп турушат.

Жаңы оппозиция пайда болду, жок дегенде таза болсо да бир жөн, бүгүнкү оппозиция же зор эмес, же «вор» эмес, бир буту камактан, бир колу тамактан айрылбаган немелер. «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылы «Жети дубанда кырк ууру, зэк, зөөкүр» болуп калыптыр.

Анда эмесе санап көрөлү: «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылы «Ак Кеме» отелинде 100 киши менен Улуттук улуу жыйын өткөзүп, официалдуу катталбастан өз ишин баштаган.

Бул коомдук кыймылдын башында төрага болуп алтын менен колун майлаган 1958-жылы Нарындын Эмгекчил айлында туулган Дайыров Бердибек Дайырович турат. Бул жөн жүрбөй Кытайдын жараны Джу Жон Жун менен биригип алтын менен оозун чайкаш үчүн «Алтын Эмгекчил» деген алтын издөөчү кыргыз-кытай ишканасын түзгөн. Керек болсо алтынды мекенине кошуп сатып ийе турган неме.

Кыймылдын кыймылдаткыч күчтөрү: 1. Артыков Амангелди Жолдошевич, 1971-жылы Кара-Буура районунда туулган. Түп райондук соту тарабынан КРнын Кылмыш-Жаза кодексинин мыйзамсыз баңги зат колдонуу боюнча 246-беренеси боюнча 2001-жылы сот жообуна тартылган. «Жети дубанда кырк ууру, зэк, зөөкүр» тоюз «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын эң активдүү мүчөсү.

2. Мырзаев Абдымалик Абдыкеримович, 1963-жылы Аксы районунда туулган. Политехти бүтүп аскер иштеринде кызмат кылган. 2014-жылы февралда мыйзамсыз куралдарды колдонгону үчүн Кылмыш - Жаза кодексинин 295- беренеси боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган. «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын эң кыймылга таанымал активдүү мүчөсү.

3. Олжембаев Акылбек Чойбекович, 1964-жылы Кемин районунда туулган. Бир нече ирет кылмыш жасаган, анын ичинде 1985 –жылы «Зордуктоо» үчүн 108- берене менен 7 жыл, унаа каражатын уурдаган үчүн 1993-жылы 1 жыл эркинен ажыратылган. «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын активдүү мүчөсү.

4. Алымкулов Нурлан Сатымкулович, 1959-жылы Бишкек шаары Туңгуч кичи району, № 36 кв. № 65. 1997-жылы кылмышы үчүн Биринчи май райондук соту тарабынан 148 берене менен кесилген. «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын болоор болбос активдүү мүчөсү.

5. Чолпонбаев Асылбек Султанович, 1956-жылы Бишкек шаары, Жибек Жолу № 222 , кв 13 туулган. Алдамчылык боюнча 166 берене менен 2012-жылы соттолгон. «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын анча-мынча активдүү мүчөсү.

6. Үсөнбаев Кадырбек Бейшеевич, 1963-жылы Жети-Өгүз районунда туулган. Үч ирет 2003 жылы февралда, майда жана 2010-жылы ноябрда оор кылмыштар менен соттолгон. «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын активдүүрөк мүчөсү.

7. Бейшеналиев Рысбек Белекович, 1968-жылы Аламүдүн районунда туулган. 90-жылдары кылмыш жасап жазасын өтөп келген. «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылынын эң актив чалыш мүчөсү. Булардын аркасында «Форум» турат деген кеп бар.

Кызыгы кыргыздардын калмакка күнү түшүп калганы, анткени ушул кыймылдын идеялык лидери катары эч кимге аты жыты жок Бөрүбашев Бекбосун Ишенбековичтин турганында.

Бул аты-жөнү кыргыз болгону менен кыргызга кылымдардан кеги кетпеген калмак, дайыма канды эңсеп кыргыз элинин бири-бири менен кагылышып турушу үчүн «Эл бийлиги» саясий партиясын түптөп жырткычтык менен кыргызды кыргызга кайраштырып турат. 1955-жылы Түп районунда туулган бул калмак Кыргыз-Славян университетине кирип кафедра жетектегени менен кан көксөп кыргыздын кырылышын эңсеп турат, жалаң соттолгондорду чогултуп бир калмактын туруп алып, кыргыздар арасында жик салып жатканы кандай?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости