www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын премьерасы ушул жылдын 5-декабрында Бишкекте болот. Бул туурасында кинонун Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирген. Бул тууралуу Спутник кж жазып чыккан.
Ал эми тасманын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү болуп өттү.
"Ташкенттеги премьерага Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү жана бир топ кино жаратмандары келишти. Кино үч-төрт залда коюлуп, жалпы жонунан 4500 адам катышты. Кыргызстандан Кинематография департаментинин директорунун орун басары Элмира Мамытова, Өзбекстандагы элчинин милдетин аткаруучу Анвар Стамбеков барды. Ал эми биз кыргызстандыктарга Айтматовдун туулган күнүн утурлай көрсөтүүнү чечтик", — деди Жакыпбекова.
Аталган фильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган. Сценарийин Керез Зарлыкова жазса, режиссерлукту өзбекстандык Сарвар Каримов аркалады. Кино картинанын узактыгы 1 саат 40 мүнөт.
Илястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойногон. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарган.
БУЛАК: NazarNews.kg