www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин КСДПчы депутаты Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 19-ноябрда ЖКнын агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Өзүм билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоорун сунуш кылды.
Өз сөзүндө Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбооруна ылайык, 3589 үйдү леагалдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатканын айтты. Өзүм билемдик менен шаардын ар кай жерлерине үйлөр курулуп калган. Жер тилкелеринин, андагы үйлөрдүн эч кандай документтери жок. Анда жашагандар балдарын бала бакча, мектептерге берүүдө, ооруканаларга көрүнүп, дарыланууда ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет. Мындан башка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууда да үйлөрдүн документтеринин жоктугу тоскоолдуктарды жаратып келүүдө. Чыныбай Турсунбеков алды 30, арты 5 жыл болгон бул үйлөрдү мыйзамдаштыруу менен маселени биротоло чечүү зарылдыгын белгиледи. Ошондуктан бул үйлөргө кызыл китеп берилиши керек. Болбосо, жер тилкелерин пайдаланууга убактылуу укук берген жашыл китеп берүү зарыл.
Эл өкүлү Асылбек Жээнбеков Чыныбай Турсунбековдун мыйзам долбоору туура экенин, элдин мүдөөсүнө төп келерин белгилеп, башкысы үйлөрдү легалдаштыруу мыйзамдарга каршы келбеши керектигин айтты.
Мамлекеттик экотехникалык инспекциянын өкүлү аталган үйлөр негизинен калктуу конуштардын аймагында жайгашып, Бишкек шаарынын генпланына кирбей турганы боюнча маалымат берди. Атап айтканда, Ак-Ордо конушунда – 650, Дордойдо – 399, Алтын-Казык конушунда – 943, Ак-Босогодо – 243 мыйзамсыз салынган үйлөр бар.
Жыйындын соңунда депутаттардын айткан сын пикир, сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда жактырылды деп билдирет СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы.
Булак: NazarNews.kg