www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги коомчулуктун көңүлүн бурган Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы күндөн-күнгө курчуп бараткан жагдайларды эске алып, журналист, сатирик Азизбек Келдибеков менен баарлашты.
-Азизбек мырза, Атамбаев апрель телеканалына берген маегинде “Жээнбеков Бакиевдин жолуна түштү” дептир. Азыркы бийлик Бакиевдер кетирген катачылыкка жол берип жатабы?
-Алмазбек Шаршенович алты жыл бийликте болуп, Сооронбай Шариповичти президент кылып башкалардын колунан бийликти жулуп алып келген. Эми миллиарддаган сом талаага чачылганы тууралуу айтып жатат. Ким болсо да шайлоочулар жана атаандаштары күнөөлүү эмес. Бул миллиардаган сомдун шайлоодо чачылып кетишине, эки гана адам жооп бериши керек, ошол кездеги президент "Король"жана президентке талапкер. "Ферзь". Эми арасында "Офицер", "Тур", "Ат", "Эшектери" бар. Калганы жөн гана "пешкалар".
-Мурунку жана азыркы президенттердин кичисине ынанып жатасыз. Экөө тең өз чындыгын айтууга ашыгып жатат го?
Бул жерде экөөндө тең чындык жок. Атамбаевди да көрдүк бийликке келген соң өзүн алып келиш үчүн ДЗОТко төшүн тоскоондорду, өз командасын тебелеп салды. Жээнбековду деле эл түшүнүп калды.Ал бийликке алып келиш үчүн жанталашкан адамдарга түкүрүп да койбой өз жакындарын бийликке коюп жатат. Азыр бири-бирин айыптап жатат. Бири-бирин чукуса экөөнүн тең баркы кетет. 2020-жылы экөөнүн тең партиясы өтүп кетиши мүмкүн, бирок эл чындыкты түшүнүп, башка жаңы бирөөнө оойт.
-Мурунку жана азыркы президенттердин күн сайын күч алган тиреши эмне менен жыйынтыкталышы мүмкүн?
-Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши мындай жол менен аяктайт:
Биринчи, Атамбаев Жээнбековдун алдына түшөт. Азыркы көз-караш менен бул ишке ашпайт. Себеби элдештире турган курултайга баруудан Атамбаев баш тартты.
Экинчи, Жээнбеков Атамбаевдин алдына түшөт. Бул да болбойт себеби, Жээнбековдун колунда бийлик улам топтолуп жатат. Ал өз тарабындагыларга кулагын төшөп намыс үчүн алдына түшпөйт.
Үчүнчү, Атамбаев камалат, азыр учурдагы президент эл аралык туура эмес түшүнбөөчүлүктөн, мисалы Атамбаев менен кызматташып жүргөн адамдардан, өзүн бийликке алып келген адамды камап салса, кадыр-баркы түшүп каларын түшүнүп турат. Андан тышкары Атамбаевди колдоочулары баш көтөрүп чыгышат. Атамбаев камактагы "ак" адам катары акчасын чачса да бийликти алыш үчүн жеңин түрүнөт.
Төртүнчү, Атамбаев чет мамлекетке чыгып кетет. Азырынча чет мамлекетке чыгып кеткени туура.
Бешинчи, Шайлоо болсо Жээнбеков жана ал колдогондор жеңишке жетет. Азыркы бийликте "хамалеондор" көп ким бийликте болсо ошонун сөзүн сүйлөйт.
Алтынчы, Жээнбеков авторитардык режим кура албайт. Себеби бир жылдан бери экономикада чоң майнап чыккан жок. Ал жакын санаалаштарын чоң кызматка коюп ошолорго таянгысы келет. Эл ага моюн сунбайт, эл чыкса эч нерсеге карабайт, бир гана элге Атамбаев да туура эмес, анткени алты жылда аны көрдү.
Булак: NazarNews.kg