www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Башкы катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Карылар күнүн белгилөөнүн максаты - дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалымат берүү.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын жана түзүм бөлүмдөрүнүн өздүк курамы ИИМдин Күзөт кызматынын ардагерлерин куттукташты, ошондой эле Бишкек шаарынын райондук Карылар үйүнө материалдык жардам көрсөтүштү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Талант Исаев, "Улуу муунга дайыма урмат-сый көрсөтүү, аларды кадырлай билүү биздин коомдун көөнөрбөс баалуулуктарынын бири экендигин баса белгилейм. Анын ичинен биздин түзүмдүн ардагерлерин унутта калтырбастан, кандай гана учур болбосун алар менен ар дайым жолугуп, акыл-насааттарын угуп, көйгөйлөрүн чечип берүүгө милдеттүүбүз.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Ардагерлер кеңешинин ИИОго жаңы кызматка орношулган кызматкерлерди тарбиялоодо, аларга мол тажрыйбалары менен бөлүшүүдө, насаатчылык иштерди жүргүзүүдө жана аларды окутуп-үйрөтүүдө ролу абдан чоң экендигин баса белгилейм. Сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөөнүздөргө бейпилдик каалайм ” – деп куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости