www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Иса Өмүркулов өлкөдөгү эң топуктуу жигит. Ал Бишкекте мэр болуп турганда “Май кармаган бармагын жалайт” деген принцип менен, темир жолдон байыган  оокатын он эселеп көтөрүп алган. Анча-мынча кишини өзү эмес балдары да көзгө илчү эмес, көчөдө кетип баратса таракандай тебелеп кете беришчү. Атамбаев досун Беш-Күңгөйдөгү дачасына алып барып коноктоп “журт атасы” деп ийилип турчу. Бирок, анын бийлиги оогондо, достугун көрсөтө алган жок, терс бурулуп көчүгүнө “шланга” менен суу куйду.

Ал азыркы бийликтин “любимчигине” айлангысы келген. Лекин, ал кантип Атамбаевди “кидать” этип кеткенин билишкен жаңы бийлик жанына жуутпай койду. Ай-талаада калып бараткан Иса Өмүркулов бийлик менен өкмөттөн кыйкым издеп жаткандай. Парламенттик жыйында экономика министри Санжар Муканбетовдун алып келген мыйзамынан кыйкым издей баштаптыр. Санжар Муканбетов деле чынында жыргатып жиберген жок, бирок аны демиткен акчанын көпөсү Иса Өмүркулов болуп жатпайбы? “Маңка бучукка үйүр”деген ушу...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости