www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын бийлиги өлкөнүн жарандык алуунун тартибин өзгөртүүнү пландап жатат. Эми орус жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүктөр өз жарандыгынан баш тартпай деле койсо болот. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындай жеңилдик чет элдиктерге орус жарандыгын алуусуна кызыктырат. Бул демилге 24-сентябрда президенттин башкармалыгынын астындагы эксперттик кеңешмеде талкууланган.

Орусиянын ИИМинин маалыматына караганда, 2019-жылдын январь-август айларынын ичинде 221 миңден ашуун адам орус жарандыгын алган. Бул 2018-жылдын ушул эле айларындагыга салыштырмалуу 22 пайызга (173 миң) көп.

Аймагы чоң Орусияга бул пайдалуу болот чыгар, бирок бизге окшогон кичинекей, жакыр мамлекеттин жарандары жумушка орношууда жеңил болушун каалап, орус жарандыгына өтүүсү күчөсө керек. Кош жарандыгы болгон күндө деле, алардын канчасы калып, канчасы кайтып келери белгисиз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости