www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары оор жоготууга учурады. 

2019-жылдын 18-июлунда 52 жаш курагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин  КККнын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башкы тескөөчүсү,  милициянын полковниги каза болду.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Карабаев Рашид Абдурасулович 1967-жылы 22-февралында Ош облусунун  Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. Билими жогорку. Ички иштер  органдарындагы кызматын 1993-жылы Ош ШИИБдин милиционер-кинологунан  баштаган. Ош ШИИБдин нөөмөтчүсү, Ош ШИИБдин күзөт бөлүмүнүн взводунун  командири, Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин Нариманов МАБдын  нөөмөтчү-тескөөчүсү, Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн  ыкчам нөөмөтчүсү, Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ага тескөөчүсү,  Аламүдүн РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык  тескөөчүсү, Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн башчысы, Кыргыз  Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ага тескөөчүсү  болуп иштеген.

Үй-бүлөлүү жана төрт бала тарбиялап жаткан. Биз ар дайым аны жылуу сөздөр менен гана эскеребиз. Кесиптештеринин  эсинде ал жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана боорукер кызматкер катары  сакталып калды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги, өздүк курамы  жана Ардагерлер кеңеши жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу  менен көңүл айтат. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Туугандары менен кошо аза  күтөбүз. Рашид Карабаевдин жаркын элеси биздин жүрөгүздө түбөлүк  сакталат. Милиция кызматкерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2019-жылдын  19-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Чагыр айылында өтөт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости