www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Кой-Ташта бекер эт жеп,бекер тамакка кыныккандарды багып жүрдү. Булардын арасында бийликтин тыңчылары деле бар. Кеп анда эмес, кеп Атамбаев буларга малды өзү союп бербейт экен. Атамбаевге жасакерлери мал союп берип жатканын эшиттик. Азыркы эсеп менен Кочкордон, Ат-Башыдан, Казакстандан, Арашандан, ал эми Кой-Таштын балдары 5-6 жолу мал союп беришкен деп жатышат. Муну тиешелүү органдар өздөрү текшерип алар. Биз сарасеп салып көрөлү:

1. Кочкордон ким мал союп берет? Акылбек Жапаровдун МИССи толтура мал болгону менен кессе кан чыкпайт. 60 литр сүт берген уй алып келген, өзүнөн 60 литр сүт чыгабы же уюнанбы, ошол бойдон дайны жок. Абылгазиев Атамбаевге “аккан арыкты” бууй элек бир караны союп же деп берип ийиши мүмкүн. Сапар Исаков деле камакта жатса да мал сойгонго жарайт.

2. Ат-Башыдан: Салымбеков менен Жолдошбаев бири-бири менен тытышканга жарайт, лекин мал союп бергенге жарабайт болуш керек. Кой-Таштагы Атамбаевдин резиденциясын салып берген Шаки союшу ыктымал.

3. Казакстандан: Назарбаев эзели мал союп бербейт,Токаев да. Мухтар Аблязов 2005-жылы оппозицияга 3000 миллион доллар жардам бергем деп жүрөт, балким Мукең берип жибергендир?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости