www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019 жылдын 25 ноябрында «Корея Республикасы жана Борбордук Азия мамлекеттеринин достугу» Ассоциациясы Борбордук Азиянын Элчиликтери менен биргеликте «Корея Республикасы жана Борбордук Азия достугу 2019» аттуу иш чара уюштурду. Бул иш чарага Тʏштʏк Кореянын Тышкы иштер Министрлигинин, бизнес чɵйрɵсʏнʏн, илимий жана академиялык коомчулуктун ɵкʏлдɵрʏ, экономикалык жана саясий серепчилер катышышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулардын талкулоолору болду, Тʏштʏк Корея менен Борбор Азия ɵлкɵлɵрʏнʏн мамилелери, азыркы абал жана мамилелерди мындан ары алдыга жылдыруунун жолдору боюнча кыска талдоо ɵттʏ. Ɵз ара пайдалуу багыттарда кызматташтыкты активдештирʏʏ боюнча ойлор жана сунуштар айтылды.

Кыргызстандын Элчилиги Кыргыз Республикасынын инвестициялык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ жɵнʏндɵ презентация жасады. Ошондой эле ɵзʏнчɵ бɵлʏм катары «Корея Республикасынын жана Борбордук Азиянын жаштары жана старт-ап бизнеси» иш-чарасы болду жана анын алкагында Тʏштʏк Кореянын жаштарынын ɵкʏлдɵрʏ ɵзʏлɵрʏнʏн бизнес долбоорлорун тартуулашты.

Башкы иш-чаранын акыркы бɵлʏгʏндɵ Тʏштʏк Кореянын Тышкы иштер Министринин орун басары Юн Кан Хён мырза, Борборбук Азиянын Тʏштʏк Кореядагы Элчилери, Тʏштʏк Кореянын Парламентинин депутаттары жана жергиликтʏʏ органдардын ɵкʏлдɵрʏ сɵз суйлɵштʏ.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова ɵзʏнʏн сɵзʏндɵ Кыргызстан Корея Республикасы менен активдʏʏ кызматташууга жана жашыл экономика, жаңы технология, ошондой эле соода, ɵнɵр-жай, айыл чарба, транспорт, туризм, билим жана маданият багыттарында ɵз ара пайдалуу долбоорлорду иш жʏзʏнɵ ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Иш-чаранын алкагында Президент Мун Чжэ Индин дана Премьер-министр Ли Нак Ёндун быйылкы жылы Борбордук Азия ɵлкɵлɵрʏнɵ болгон сапарлары жана Борбор Азия ɵлкɵлɵрʏнʏн туристтик потенциалы тууралуу даректʏʏ тасма тартууланды. Ошондой эле корея жана кыргыз чыгармачыл топторунун, тактап айтканда «Ай-пери» тобунун жана комузчу Г.Кожомкулованын, чыгармалары аткарылды.

Маалымат катары: «Корея Республикасы жана Борбордук Азия мамлекеттеринин достугу» Ассоциациясы коомдук уюм, анын Президенти Ли Ок Рён айым, Тʏштʏк Кореянын мурдагы депутаты. Аталган Ассоциация ыңгайлуу аянтчаларды тʏзʏʏ жолу менен Корея Республикасы жана Борбордук Азия ɵлкɵлɵрʏнʏн кызматташтыгын бекемдɵɵгɵ жардам берет.

 

 

 

Последние новости