www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов «Дордой» клубунан кетип, Бангладештин командасында ойнойт. Бул туурасында Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Ахмедов Бангладештин чемпионатынын премьер-лигасында ойной турган Saif Sprorting Club Ltd клубу менен келишим түзгөнү айтылат. Ал «Дордойдун» курамында ойноп жаткан маалда команда эки жолу (2018,2019-жылдары) Кыргызстандын чемпиону болгон.

Ошондой эле Кыргызстандын кубогун жана супер кубогун утуп алган. Буга чейин Эдгар Бернхардт дагы Бангладеш өлкөсүнүн клубуна өткөн.

Булак: "Мантыш"

 

 

Последние новости