www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголгон. 

Такталбаган маалыматтарга таянсак, кылмыш иши Талант Исаевдин «Манас Менеджмент» жабык акционердик коомунда вице-президент кызматын аркалап турганда 50 миң доллар пайызсыз ссуда алгандыгы тууралуу козголгон.

Талантбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин бир тууган агасы. Айрым маалыматтарга таянсак Канатбек Исаев өкмөт башчылык кызматка аракет кылып жаткандыгы каңкууланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости