www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл биргелешип башкарат. Бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу укугу биротоло кыргыз тарапка өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, жыл сайын Кыргызстандын 20 дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган «Кыргыз-түрк достук ооруканасы» 2018-жылдын сентябрында ачылган. 150 кишиге ылайыкташкан бейтапкананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын июлунда башталган.

Ооруканага заманбап диагностикалык жабдуу коюлуп, кардиология, жүрөк, тамыр хирургиясы, интервенциялык радиология, гастроэнтерология сыяктуу бөлүмдөр ишке киргизилээри айтылган. ​

Булак: NazarNews.kg

Последние новости