www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Аялзаты өзүн-өзү дайыма татынакай алып жүрүш үчүн не кылыш керек?

– Мен, эркектерден айырмаланып, аялзатынын ар убакта өздөрүн карап жүрүүсүн суранаар элем. Себеби, аялзаты жер жүзүндөгү бардык сулуулуктун өзөгү. Балким, пикирим айрым айымдарга катураак тийип калаар, бирок, өзүн-өзү карап жүрбөгөн аялзатын «өз келбетинин чыккынчысы» дээр элем. Ушул жерден бир нерсени кошумчалай кетейинчи, кээде карап турсаң кырк жаштан өткөн аялзаты тасырайып жаш кыздардай кийинип алышат. Бул өтө одонолук. Жарашык «тезек кабы менен» дегендей, ар бир курактыкы өзүнчө. Мисалы, 18-23 жаш курактагылар көчө стилинде, ал эми 30 жаштын тегерегиндегилер классикалык үлгүдө, 40 жаштын ары жагындагылар кымбатыраак маанайда кийинип жүрүшсө туура болот болуш керек.

– Адам баласынын сырткы келбетиндеги сулуулукту неден көрөсүз?

– Менин пикиримде, адамдагы сулуулуктун сексен пайызы чачтын жасалгасында деп эсептейм. Мисалы, тигил же бул адам канчалык кымбат кийинбесин, чачынын жасалгасы жок болсо, ал адамдын сырткы келбети, анын кийиминин кымбат экенин ачып бере албайт, сырткы сулуулугун дагы. Тескерисинче, канчалык жөнөкөй кийинбе, бирок, чачынын жасалгасы жакшынакай болуп турса, ошол адам сулуу көрүнөт.

Алтынай Бакирова

Булак: "Айгай-пресс"

Последние новости