www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу документтер БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине тапшырылды.

Бул жөнүндө "Адилет" укуктук клиникасы маалымат таратты. Ага ылайык, Текебаевдин иши комитеттин кароосуна кезекке коюлду, бирок азырынча качан каралары так белгисиз.

Мурдараак "Адилет" клиникасы “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку cотко жиберген. Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча өтүнүч жаңы жагдайга - Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости