www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын менталитетин, каада-салт үрп-адатын талкалоо иши 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде улантылып. Батыштан келген бузукулукту жайылтуучу дагы бир феминнале деген «иш-чара» болуп өттү. Анда кыргыздын маданиятына, каада-салтына, нарк-насилине коошпогон шермендечилик орун алып, «Аялдардын укугун коргойбуз» деген жыртык чапанга жамынып алган тилеги бузук, ниети бузук топтор ар кандай ыплас, кыргыздын дүйнө таанымына туура келбеген сөздөрдү кыз-келиндердин ички дүйнө таанымын талкуулай турган конференция га бир дагы мамлекеттик маданий жайлар уруксат берген эмес. Бүгүн феминналеге Маданият министрлиги эмне үчүн башын ийип берди? Батыштан келген далай суммадагы акчалар уюштурууга макулдук берген жетекчилердин тилин бууп, тизелеп чөгөлөттүбү? Минтип «кекиртекке» байланган жеке кызыкчылыктын аркасында Маданият министрлиги өзү кыргыз маданиятын талкалап жатса, сырттан душман издөөнүн кереги барбы?

Бүгүн баары сүттөн акпыз деп актанышууда. Анткен менен кыргыздын кйимине жаздырып илишти. Анысы аз келгенсип эки кызды энеден туума жылаңачтантып, Бишкектин чок ортосундагы улутубуздун күзгүсү болгон музейдин биринен бүткүл дүйнөгө көргөзүштү. Бул кыргыздын башына жугунду төгүп, шылдыңдоо менен барабар. Эң өкүнүчтүүсү, иш-чара Маданият министрлигинин көз алдында өткөн. Элдин нааразычылыгынан кийин министрлик музейдин имараты ижарага берилгенин айтып актанып, кыргыздын бетине көө жапкан шермендечиликти музейдин директирине шылтай коюп суудан кургак чыкканга аракеттенүүдө.

Биз билебиз, мамлекеттин маданий ордолору тыкыр көзөмөлдөнүп, жеке уюмдарга ижарага берилбейт. Маселен, былтыр кыргыздын уруу биримдигин жана бетине көө жапкан бул шерменделик эч кандай актанууга жатпайт. Музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти. Анткен менен Маданият министри Азамат Жаманкуловдун да моралдык жоопкерчилиги каралышы керекго, ыя?

Булак: Мантыш

Последние новости