www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБтин бажы аймагында транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9464 килограмм жүзүм табылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Н.Ы.Ж. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Текшерүүдө аталган транспорт каражатынын жүк бөлүгүнөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 9464 килограмм жүзүм табылган. . 

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. 

Кармалган товардын жалпы наркы 664 580 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости