www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоолордун шарданы башталаарга жакын, кайрадан эски "ажырашкандардын" биригиши болуп калуусу таң калууну деле жаратпайт. Буга чейин ондогон партия, саясатчылар ар кандай кызыкчылыктар менен биригип кайра ажырашып, табышкандыр бар. Бул саам келээрки шайлоонун алдындагы ажырашып табышкандардын сап башын же тушоосун Ташиев менен Бабанов баштап берет окшоп калды. Улам эрден чыккан немедей, эдирендеп кетип алып, кайра мактап канатына калкалай берип, жүзү калбаган Камчы акебиз, бул саам деле шайлоонун оюнчук эмес экенин эске алдыбы, айтор акчалуу деген Бабановдун "багелегине" байланып жатканын өзү ачыктап салды. Маалымат булактарынын бирине берген маегинде:

"2010-жылы "Ата-Журт" партиясы шайлоодо биринчи орунду алса, 2015-жылы "Республика-"Ата-Журт" биригип экинчи орунду камсыздады. 2020-жылдагы шайлоого так эле "Ата-Журт" партиясынын тегерегинде эле барабыз. Бирок, ачык эле айтышыбыз керек, так эле "Ата-Журт" партиясынын жалгыз барышы да кыйын.

Мүмкүн, ошол эле "Республика-"Ата-Журт" партиясы менендир, аны жакында айтыбыз. Анын үстүнө Өмүрбек Бабанов да келип кадды. Жакындан сүйлөiүп жатабыз. Бабанов "азырынча саясатка кайтпайм" деп катуу карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн"-деген анда Ташиев.

Үмүтсүз шайтан дегендей, Ташиевдин үмүтү азырынча дале болсо Бабановдо экени жашыруун деле болгон жок. Эртең элдешип, "Ташиев болбой жатат" деп Бабановду кайрадан саясаттан көрүп калышыбыз, таң калтырбайт деле. Кайсыл бир саамга тыным алганы, айтканын актабаса да, Ташиев айтмакчы турмуштун туташ фокустары эмнени гана кылбайт.

Чыңдаса саясатта, Бабановго Ташиевдей "республикачыларынын" бир тобу да күйгөн жок. Жамандап алып, башына мүшкүл иш түшкөндө колдоп коюу саясатта оюнчук иш эмес.

Булак: Факты.kg

Последние новости