www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким болбосун чөнтөгүн “текшерип”, акчасынын эсеп-кысабын алып жүргөн “Акчабар” сайты бул ирет мамлекеттин бюджетинин эсебинен кыргыз чиновниктери канча акчаларды командировка деген шылтоо менен сапырып жүргөнүн жарыялады.   

Эми сандарга карайлы:

Аталган агенттиктеги маалыматка ылайык, ушул жылдын 9 айында мамлекеттик кызматерлердин бир суткалык чыгымдарына 228 миллион, мейманкаларга 309 миллион, жол чыгымдарга 312 миллион сом, мындан тышкары телефондон сүйлөшкөндөрү үчүн эле 611 миллион сом жумшалган. Ал эми ал аткаминерлердин кайсы жерде, кандай жүргөнүн теле-радиолордо чагылдырганы үчүн аларга 277 миллион сом акча коротушкан.

Аталган агенттик аткаминерлердин жогоруда айтылган чыгашаларына кетирилген бул суммага, тагыраагы, 1,7 млрд сомго 175 чакырым жол же ар бири 3 миң орундуу 25 мыкты, заманбап мектеп курса болоорун эсептеп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости