www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роза Отунбаева, кыргыз элинин эсебинен түбөлүктүү коргоого алынып, 80 миң пенсия менен жашап жатып, кыргыздын улуттук баалуулуктарына кол салып, чет мамлекеттин ырын ырдап, арам оюңду ишке ашырып, ичкен ашыңа түкүргөндөн уялып, өзүңдүн айланаңа чогулткан “Азаттык” баш болгон бейөкмөт уюмдар кыргыздын жигиттерин салып берип талатып, кыргыз элине чуу салган максатыңдан кайткын! Сулуу чымчык болуп, уюштуруп коюп, уялбай чет өлкөлүк кызматташтарың менен ролик жасап, кыргыздын менталитетин талкалоону көздөгөн багытыңдан уялгын! Урматтуу кыргыз элим! 25-ноябрда болгон митингдеги катышуучулардын максаты эмне экендигин түшүнгүлө! Раим Матраимовдун сүрөтүн көкөлөтүп, эрмектеп, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашыруунун максаты - кыргыз элинин тынчтыгын бузуп, жаңжал чыгаруу экендигин түшүнгүлө! 25-ноябрдагы митингге катардагы жарандар, ою туура адамдар катышкан жок. Жалаң “Азаттык” баш болгон бейөкмөт, эл аралык уюмдар менен иштешип, Батыштын каражатына сугарылып жүргөн адамдар, чет өлкөлүк жарандар, кыргыз мамлекетинин талкаланып, жок болуп кетүүсүн эңсегендер. Батыштын акчасына азгырылып, мекенин сатканга даяр тургандар, чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалагандар! Кыргыз үчүн бир жакшылык кылбагандар! Аялы, баласы Американын жараны болуп, өзү Кыргызстандын парламентинде олтуруп алып түрдүү ыплас сөздөрүн мамлекеттин трибунасынан пайдаланган Дастан Бекешовго окшогондор катышкандыгын сүрөттөр ,видеолордон көрдүңүздөр. Эсиңе кел, кыргызым! Өзүңөрчө тытышып, бир-бириңди каматканга кызыкдар болбой, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлогула! Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейи – түрсүк иле турган жер эмес, аты айтып тургандай, кыргыздын көөнөрбөс көркөм өнөрлөрүнүн музейи. Бул - макскарапозчулук!

7- мартта өткөргөн гейлердин парадынын, 25-ноябрда өткөн митингдин уландысы бул көрүнүш. Курманжан Датка энебиздин сүрөтүн гей, лесбиянкаларга көтөртүп алып, параддан өткөндөгү сөздөр, чакырыктардын, тизмегинин уландысы. Адегенде элди сынап көрүштү. Көчөгө айрым сөздөрдү жазып алып көтөрүп чыгышып, Курманжан Датка энебиздин кадырын тебелешти. Ошондо Курманжан энебиз көрүндө өкүрсө, эми Гапар Айтиев атабызды көрүндө өкүртүп жатышат. Ушундай тарбиянын башында тургандар Мира Жангарачеваны ар кандай жолдор менен аталган музейге директор кылышты, көптөшүп. Президенттин кулагына шыбырап, колтугуна кирип, анын башын айландырышыт Жангарачеваны директор кылуу үчүн. Алгач президентти музейге чакырып көрсөтүштү. Анда бул түрсүктөр, мындай жазуу-чакырыктар жок болчу. “Президент келди, көрүп кетти” деп сулуу чымчык болгон Жангарачева өзүнө берилген “тапшырманы” аткарып берди. Мына эми, кылган кылыктары... Атайы өздөрүнүн пландаштырып жүргөн иштерин аткарып жатышат. Белгилей кетсек, Мира Жангарачева да мамлекеттик кызматтан кеткенден бери ар кандай чет элдик долбоорлордо проектилерде иштеп жүрөт.Анын да өз кызыкчылыгы бар. Дегеле бул көрүнүш - Батыштын акчасын алып, кыргыздын менталитетин, улуттук баалуулуктарын талакалоону көздөгөн топтун иш-аракети. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировду сүйлөтүшкөнү – “парламент толугу менен колубузда” дегени. Болбосо Мира Жангарачева мурда Өкмөттүн курамында вице-премьер министр болуп иштеген аял. Ойлонбойбу, жылаңач аял-эркектерди музейде бастырса эмне болот деп. Бул деген атайы уюштурулуп, кыргыздын тарыхын тебелегендик. Мынчалык болду, ошол жерге эркек-аялды кучакташтырып, жаткырып койбоптур. Мындай акмакчылыктын баары четтен каражат алып түрдүү долбоорлор менен иштеп, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын талкалап, улуттук баалуулуктарын жок кылып, “кыргыздарда ыйман, абийир, уят деген нерсе болбош керек” деген пикирди жаратуу.Мүмкүн болушунча жаштарды чакырып, азгыруу. Каалагандай жаша деп, Батыштын ыплас көрүнүштөрүн жайылтуу. Бейөкмөт уюмдардын, эл аралык уюмдардын долбоорлорунун таасири, аракети. Бул жолкусунда негизги ролду Мира айым аткарып, кыргыздын Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейин пайдаланышты, кыргызды маскара кылышты. Башкы “дирижер” чиймени чийип уюштуруп берди,калганы аткарды. Булар Кыргыздын шоруна жаралгандар! Булар барда кыргыз тынчыбайт, ушинтип тытышып, бири-бири менен кырылышып жүрө беребиз. Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдарды мыйзам менен ооздуктап, тыюу салмайынча, мындай “концерттик номерлерди” каалагандай көрсөтө беришет. Четтен каржыланган долбоорлордо жүргөн активисттер, "Кыргыздын улуттук баалуулугун, менталитетин тебеледиң, тебелеттиң, Мира Жангарачева, Кызматтан кет!” – деп чыга аласыңарбы? Антип чыкпайсыңар. Анткени силер 25-ноябрда митингге чыккан азыркы шермендечиликтин колдоочуларысыңар.

Бул деген бийлик талашуу. Президенттин Кудайдын жолунда жүргөн ыймандуулугун тебелеп-тепсеп, “сага биз мындай ыймансыздардын оюнун көркөм музейде көрсөтүп беребиз дешип, көргөзмөнү өткөрүмүш болуп арасына плакат, чакырык, жылаңач эркек-аялдарды үюштуруп, ЖККУнун жыйыны учурунда президентке “сюрприз” кылышты. Атайылап жыйын алдында митинг өткөрүп, көркөм музейде маскарапозчулук, шермендечилик уюштурушуп, кезектеги бут тосмоюн жасашты. Эсиңиздерде барды, Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде эки долбоор менен иштеп жүргөн эрди-катынды Россиянын Кыргызстандыг алып барышып, Путиндин абийирине шек келтирген чакырыктары менен митингге чыгарышкан. Кийин бейөкмөтчүлөр чууга түшүп, бошотуп алышкан.

Улут маселеси тебеленгенде, кыргыздын менталитети, улуттук баалуулуктары корголгондо кана ошондой укук коргоочулар?! Пысып олтурушат унчугушпай, анткени алар ошого кызыкдар. 7- мартта аялдардын укугун коргойбуз деген темада парад өткөрөбүз деп, гей-лесбиянкалардын парадын өткөргөндөй Кыргызстан бейөкмөт уюмдардын, чет элдик түрдүү долбоорлордун, эл аралык уюмдардын Батыштын “кылык-жоруктарын” элге жайылтуу эксперименталдык аралчасына айланып калды. Мунун башында тургандар жоголбосо, ушинтип тынчыбайбыз. Абийирибиз айрандай төгүлө берет. Мындай ыплас иштерди уюштуруп коюп, “сулуу чымчык” болгондорду төбөңөргө көтөрө бергиле! Биротоло улуттук баалуулуктарыбыз талкаланып, эки тарап болуп кырылышып, бөлүнүп-жарылып, бири-бирибизди каматып, эки колубуз чокубузда калганда көзүбүз ачылат окшойт. Эсиңе кел, кыргызым! Бир муштум болуп түйүлүп биригип, бөлүнүп-жарылбай, көзүңөрдү ачкыла! Өзүңдүн мекенчил, тыңчыкма балдарыңды  сакта.Четтен каматып, жараксыз кылып жатышканы да жетишет. “Алакүш” деп эт таштап күүлөп койсо өз балдарыңа жалаа жаап, “камалсын!” деп кыйкырбай, ичиңе кирип чырмалып, муунтуп бараткан кара чаар жылан бейөкмөт уюмдардын башында турган уюштуучулардан сактангыла! Ичтен талкаланып жатабыз. Кара чаар жылан акырын сойлоп, кыргызды талкалап бүтмөй болду. Эң өкүнүчтүүсү, бей өкмөт уюмдар түрдүү долбоорлор аркылуу түрдүү иш-чара өткөрүмүш болуп, кыргыздын колу менен кыргызды талкалап жаткандыгында. Кыргызды чөгөлөтмөй болушту. Бийлик, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, укук коргоо органдары эмнени күтүп жатасыңар! Мыйзам чегинде чара көрүш керек. Мыйзам алсыз болсо, "Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө " мыйзам кабыл алып, көзөмөлдү күчөткүлө!

Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости