www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бир топ убакыттан бери тынч жашап калган өлкөбүздө өткөн апта Бишкекте болуп өткөн митинг тууралуу ар ким ар кандай пикирлерин айтып, жазышууда. Мурунку депутат, учурдагы саясий ишмер катары учурда коомубузда болуп жаткан окуяларга кайдыгер болбосоңуз керек. Бул тууралуу сиздин ой-пикириңиз кандай? 

- Албетте, жакында болуп өткөн митинг күтүлгөн дагы, күтүлбөгөн дагы жагдайлар менен шөкөттөлдү. Күтүлгөнү - Раимди шылтоолоп бийликке сес көргөзүү, бир топ коомчулукка белгилүү инсандардын, анын ичинде граждандык коомчулукту (бейөкмөт уюмдар) тартуу менен шайлоо алдында бийликти сестентүү - бул пландалган иш-чара болчу. Биринчи этабы маалымат кармашы болуп, андан жыйынтык жакшы болбоду. Так далил болбой, журналист Али Токтакунов бир топко үнсүз чегинүүгө кеткен. Жарым жылга жакын убакыттан кийин кайрадан ошол кассетаны түрүп, кошумчасы - уйгур тектүү Саймаитинин киши колдуу болгон өлүмүнөн “кол кесер” алып чаптай коюп чыкты. «Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» болуп, бул жолу “обработканы” өтө кылдат жасаган, ошентсе дагы көп табышмактуу күмөн жараткан көз жаздымда калган жагдайлар бар. Биринчиден, эмне үчүн Али Токтакуновдун колунда ушундай чуулгандуу иштин далилдери туруп убагында үн катпай, жарым жылга «тыныгууда» жүрдү? Коопсуздугунан корккудай Кыргызстанда жүргөн жок го... Прагадагы «Азаттыктын» башкы кеңсесинде олтурат го. Андан дагы «менин колума сенсациялуу далилдер менен материал түштү, Кыргызстандын  отуз пайыз бюджети сыртка чыгып кетиптир. Кыргыздын жараны катары жарыя кылайын десем, өмүрүмө коркунуч келет деп коркуп жатам» деп алдын-ала кооптонуусун жарыя кылып, Кыргызстанга ишенбесе, эл аралык уюмдарга, ошол эле Америкага кайрылса болот эле. Ал эми Саймаитинин коопсуздугуна келсек, «болгон далилдерди берип жатам, мындан кийинки менин өмүрүмө коркунуч бар» деп укук коргоо уюмдарга кайрылса болмок. Же болбосо маалыматтарын Алиге эмес, атайын кызматтарга сунуштаса, балким өмүрү корголот беле... Ким кепилдик берет, такталбаган жалган маалымат берип, анан тындым болдубу деген күмөн ойго? Дагы бир жагдай, «Азаттыктын» ишенген «араба тарткычы» Али мырза мурда коопсуздук үчүн катып жаткан болсо, даяр, такталган материалды Саймаити өлгөн күнү кечинде же таңкы «Азаттыкта» алып чыкканда биртке ишенимдүүрөөк болот беле? Он күн жууп, «көйнөк чапанын» жаңылап, башкача айтканда, кимди кошоюн, кимди кошпоюн деп «тазалап» (обработка) кылып олтурбай.

«Саймаитинин өмүрүнө коркунуч бар болчу» дегени да негиздүү болбой турат. Анткени, ал эч нерседен кооптонуп, күмөн санабай эле жайбаракат эшикте тамактанып олтурган жеринен эле атып кетишти. Аткандар кармалды, Түркиянын күч структуралары териштирип жатат: ким күнөөлүү, кандай жагдайларда өлтүрүлдү… Албетте, баары ачыкка чыгат жакын арада. Күчтүү мамлекет мындай чуулуу окуяларды көз жаздымда калтырбайт, аларда «куда-сөөк», «таяке-жээн», «өкүл бала» деген түшүнүк жок. Күтө турсак ачыкталмак. Анан эле бейөкмөт уюмдар безилдеп, кычыраган суукта чыга калып, ышкырып-кыйкырганы – ушинтип көрүнүп калалы деген мааниде митинг өткөрүшкөнү - жеке мага күтүүсүз болду. Анткени, баарыбыз эле байкаган бейөкмөт уюмдар 2010-жылдан кийин активдүүлүгүн жоготуп, тыныгуу абалында жүрүшкөн, көтөрө турган маанилүү маселелер, көйгөйлөр көп эле болгон.

- Мисалы? Кайсы көйгөйлөрдө бейөкмөт же ошол эле эл аралык уюмдар үн катышпай коюшту дейсиз, так айта аласызбы?

- Албетте, айта алам. Мисал толтура. Айталы, «Дача СУга» самолет кулап, бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылганда, «Бишкек ЖЭБи» жарылып, элдер бир жума тоңгондо, болбосо, кечээ эле АША «батальон» түзүп, үч ай бою «атышам» деп айкырып жатып кырчындай, болгондо дагы атайын кызматтын офицерин атып өлтүрүп, ОИИбнин начальнигин чалажан кылганда алар мынчалык ышкырып-кыйкырып активдүүлүгүн көрсөтүшкөн эмес. Ушул жагы мага күмөн жаратып, ал гана эмес, көпчүлүктүн баамында бир жактуу бөлүнүүчүлүккө окшоп калгандай болду.

- Дегеле, буга чейин деле ар кандай деңгээлде, ар кайсы максаттарда митингдер болуп келбедиби. Бул митинг негизинен алардан эмнеси менен айырмаланды деп эсептейсиз?

- Батыштан, анан дагы Америка каржылаган бейөкмөт уюмдар негизги ролдо ойноп, айтымдарга караганда, Американын Борбор Азия университетинин (АУЦА) студенттери колдонулган. Бул жолку митингде анитация соцсеттер аркылуу жүрдү. Ошол жагынан алып караганда, каржылоо, анан уюштуруучулар өтө дасыккандар десе болот. Бул жагынан башталышы «Араб жазына» окшошуп кетет. Анткени, интернет айдыңында активдүүлүк болду. Мындай болбош керек. Кыргызстан Орто Азиядагы калкынын саны аз, бирок стратегиялык жактан чоң державаларды кызыктырган көңүл чордонунда турган менталитети дагы өзгөчөрөөк өтө уникалдуу мамлекет. Мына, коңшу Кытай мамлекети калкынын саны менен эле эмес, экономикасы, саясий өнүгүү стратегиясы менен дүйнөнун көңүлүн буруп, анын ичинде Американын алапайын таптырбай туру. Ошол жетимиш жыл «бир үйдө» жашаган, азыр дагы өнөктөш Россия дагы, Америка баш болгон бир топ батыш өлкөлөрү да баш оорутуп турган учуру. Анан ушундай мезгилде кичине акыл калчап ойлонуп кадам таштап, «Ата журтум», «элим, жерим» деген мекенчилдик сезимди кичине ойготпойлубу? Албетте, түбөлүк кызыкчылыгы канында ойногон өлкөлөр көп, алар өздөрүнүн атаандаштары үчүн бизге окшогон мамлекетти пайдаланганга өздөрүнө ыңгайлуулук жаратуу, миллиондорду коротуп коюу түккө жарабайт. «Раим миллион» деп асылгандын максаты, багыты башка жакка бурулуп кетпесин.

- Бул митингге чыккандар «Биз коррупцияга каршылык катары чыктык» дешип жатышпайбы?..

- Ооба, анысы жакшы, бирок, бул митингдин түпкүлүгү такыр башкада болду да. Туура, коррупция менен күрөшөлү, чогуу-чаран, баарына бирдей максат менен, айрым-айрым карабай. Далилдүү далилдер менен. Анан бир адамды эле бетке кармап алып, маанисин башкага бурбай. Жемкорлукту жек көргөндөрдүн катарын мен да толуктайм, бирок мен айырмалап карагандардын катарында эмесмин. Айрыкча сырттан келген буйуртманы кабыл ала албайм, андан көрө масштабдуу болбосо да чогулуп, ичара чечишип, өз оюңду айткан - мамлекет үчүн маанилүү деп эсептейм. Эмне болгондо дагы митинг болду, ал максатына жеттиби же бул даярдыкпы, аны тыкыр анализ кылуу керек. Мунун үстүндө өкмөт иш алып баруусу керек. Айрыкча регионализмге каршы аёосуз күрөш жүргүзүү керек. Акыркы мезгилде, айрыкча, «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин интернет колдонуучулардын арасында калимкидей эле «түндүк-түштүк» деген терминдер жайнап кетти. Ал тургай, бирин-бири мазактаганга чейин жетти. Мен кечээ эле бир интернет колдонуучунун жан кейиткен кайрылуусун окудум. Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясынын ректорунун айткан сөзү боюнча (эгерде айтканы чын болсо) аны токтоосуз түрдө «Беспредел KG”нин администраторунун жанына алып барыш керек, «элди бөлгөндүн орду ушул жер» деп.  Бул өтө опурталдуу. Ректордун ачык айтканы бул болсо, студенттер менен көмүскө кандай иштерди алып барып жатканын ким билет. Андан тышкары бул окуу жайда  магистранттар окуйт. Такай жетекчилер стажировкадан өтүп турган Президенттин алдындагы абройлуу окуу жайдын жетекчисинен ушундай сөз чыгып жатса, бул эмне деген шумдук?

- Туура, андай көрүнүштөрдү баарыбыз окуп, көрүп жатабыз. Мунун түпкүлүгү кайда жатышы мүмкүн?

- Ошол жааттан алып караганда, Раим Матраимов деле жөн жерден тандалган эмес окшойт. Баш-аягына карабай эле асылып жаткандын аягы башкада окшойт деген күмөндүү ойду төгүнгө чыгарыш үчүн Алинин иликтөөсү тыкыр иликтенип, ага чекит коюлушу керек. Раим  Матраимов келди, жооп берем деп, УКМКга сурак берип да чыкты. Эми Али Токтакунов дагы чакырылып, материалдарды кантип, кандай жагдайда алганынын чын-бышыгын далилдеп бериш керек, ошол эле маалда «Президент, Раимди танда же...» деп ультиматум койгондорду дагы териштирүү керек. Эмненин негизинде, кандай далидерге таянып айтышты, баарын чебер териштирип, күнөөлүү болсо жооп бере тургандай болуу керек. Антпесе, баары эле таза, жалгыз эле Матраимов жеп жаткандай. Эгерде, Матраимовдун коррупцияга аралашканы мыйзамдуу далилденсе, жооп берсин! Далилденбесе, жалган жалаа жапканы үчүн Али жооп берсин! Ошол эле маалда удургутуп элди көчөгө чыгарып, ышкыртып-кыйкырткан, соцсеттер аркылуу үгүт кылган активисттердин жоопкерчилиги дагы каралсын. Болбосо, мындай көрүнүш «жылып-жылып олтуруп, жылгадан аккан сууну ылайлады» дегендей, түбү жакшылыкка алып барбайт. Дегеним, мындан ары Раим Матраимовду шылтоосу менен окуяны башка нукка буруп, шайлоо алдында коомчулукту удургутпаш үчүн ал өзү «жооп берүүгө даярмын» деген билдируу жасап, анын айланасында болуп жаткан баардык окуялардын, тагыраагы «имиш-имиштердин» чын-бышыгын тактоо үчүн сурак берүүдө. Али Токтакунов дагы тез арада келип, өзүнүн дадилдери менен жооп бериш керек. Ошондо көп нерсе ачыкка чыгып, такталат. Ортодогу оозуп көптүрүп кыйкыргандар, көшөгө артында көкүткөндөр дагы жообун алат эле. Ошондо бөлүнүүчүлүктүн түбү келип эле чын-төгүнү дайынсыз иликтөөгө барып такалууда.

- Жакшы. Мына күнү кечээ сотко барбай жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев сотко барды. Анын күч менен алып барылганы же өз эрки менен барганы, албетте, экинчи маселе. Саясатчы катары айтсаңыз, дегеле Атамбаевдин азыркы абалы, жашыруун делинип, бирок, жарыяланып кеткен Атахановдун ал тууралуу берген көрсөтмөсү тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Туура, Атамбаев өз эрки мененби же мажбурлоо жолу мененби, ал сотко алынып келинди. «Келээрин келип, конвойлордун бөлмөсүнөн сот залына чыкпайм деп олтурат» деген маалымат тарап, көп өтпөй сот кийинкиге жылдырылды деп айтылды. Канткен күндө дагы бет чыдабай жатат го. Кечээ эле ага тизе бүгүп, эшигин тазалап, «оту менен кирип, күлү менен чыккандар» дүңүнөн (оптом) каршы көрсөтмө берип жатышса, айласын деле таппай калды го. Айрыкча Шамиль Атахановдун маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен көрсөтмөсү Атамбаевди эмес, акыл-эси жайында адамдын баарын таң калтырды. Ал бетме-бет кездешкенде «Атамбаев айткан, Батукаевди чыгаруунун аракетин кыл. Аны Жаныш Бакиевге алмашабыз. Госдуманын депутаты Делимханов менен макулдашылды, Жаныш Бакиевди кайтарууну Рамзан Кадыров камсыздайт» деп көрсөтмө берип жатат. Эгерде, ошентип айтканы чын болсо, анда даана эле жинди экен. Алты жыл бою бизди жинди башкарган турбайбы. Ойлоп көргүлөчү, Батукаевди Белорусияга эмес, Чеченстанга жөнөтүп жатат. Чеченстан Белорусиянын эмес, Россиянын курамында да, бул жерде эмнеге таянып айтты же жөн эле адатынча тантырадыбы? Белорусия Россиянын катарында туруп, «Батька» Россия менен теңата сүйлөшүп жатпайбы. Анан «кримтөбөлгө милициянын генералын алмаштыр» деп ким буйрук берет?. Эгерде, Бакиевдердин Белорусияда орду, баркы анча мааниге ээ болбосо кайтарат эле да эмдигенче. Кадыров алмашууну камсыз кылам деп убада бере бергидей Атамбаев эмес, мамлекеттер аралык этика, урмат-сый, биринин ички саясатына кийлигишпөө деген эрежелерди сактоо менен мамлекеттик сыр баалуулуктарды эске алган жетекчи. Өзү кандай болсо, башканы дагы өзүндөй элестетип алган го. Мамлекет башчылар менен теңата сүйлөшө алса, Лукашенко менен түз эле сүйлөшпөйбү, «мен Батукаевди чечендерге бергени жатам, Бакиевди мага кайтар» деп. «Жоо кеткен соң кылычынды ташка чап» дегендей, поезд кеткен, мына, жакында он жыл болот. Жаныш Бакиев каратып туруп ушул жерден басып кеткен. Эми эмне, Белорусияда «АША мени качан криминалга алмашат» деп кутуп олтуруптурбу. Он жылдан бери жайланышып орун-очок алып калбадыбы. Маалыматка караганда, ишкана иштетип, жумуш менен камсыз болушуп, жашаган мамлекетине салык төлөөчү болуп калбадыбы. «Убакыт баарын дарылайт» дегендей, ачык эле айтыш керек, «Бакиевдерге болгон жек көрүү суу сепкендей жоголуп баратат. Айрыкча, Атамбаевдин жемкорлугу ачыкталып, каяша сүйлөгөндөрдүн кабыргасын кайыштыра түрмөгө тыгып, кеткенине карабай тизгин талашып, «атышам, чабышам» деп элди экиге (түндүк-түштүк) бөлүп, эл арасында ажырымды ачыкка чыгарып, «батальон» түзүп, аягы кандуу окуя менен аяктагандан бери эл деле салыштырып, жыйынтык чыгарып калган. Айрыкча, Текебаевди камаганда жалалабаддыктар ачык эле «Текебаев Бакиевдин доорун сүргөн экен. Океанда сүзгөн акуладай болуп, каалагандай сүйлөп, түз дагы, кыйыр сындап» деп айтып жүрүштү. Мына, жакында эле Жалал-Абад менен Ноокенде көчөгө аты берилип кетти. Мен сураштырдым кайындарымдан, «кандайча болду, айыл өкмөт туугандарынан беле?» десем, «демилге эл тарабынан көтөрүлдү» дешти. Батукаевди кетирүүнүн дагы бир себеби - криминалдар эки жаат болуп тирешип, түрмөдө тынчтык болбой баштаган дешет. Эмне Жаныш Бакиев келсе, жактоочулары кол куушуруп эле отура берет беле? Жаманбы-жакшыбы, милициянын генералы кызматын жакшылыгын көргөн санаалаштары бар, жактоочулары бар, алар деле дуу-дуу болмок. АШАны кудай сактаптыр Жаныш кайтарылбай. «Кайтаар дүйнө» демекчи Атамбаев минтип түрмөгө түшүп калаарын ким билди? Жанышка жан соогалап, өзү айткандай, «парашасын» тазалап калмак беле. Кантсе да кудай боор ачыптыр. Бирок ушундай корсотмону берген Атахановдун деле тузу кем адам экен  болоору болду эми мыйзам алдында тагдырдын буйругун көрөбүз деп кичине сабырдуурак болсо болмок. Убагында Атамбаевдин кареги менен тең айланып жүрүп, кызматтан кызматка секирип жүргөн, болгондо дагы күч органдарында. Албетте, Атамбаевдин катышуусуз бул маселе чечилмек эмес, бирок да башка көрсөтмөлөр деле жетиштүү эле да. Мынча болду, түрмөдөгүлөрдү паспорт менен алдын ала камсыздоону ким демилгеледи эле? Кандайча Батукаевге паспорт биринчи берилди? Түрмөлөрдө криминалдар эки жаат болуп согушканы жатат, тынч эмес, Батукаевди кетирели деп ким сунуш киргизди эле? Делимханов менен алдын ала ким суйлошту? Ушуларды ачыктаса эле жетиштуу болмок.

- Рахмат, убакыт бөлүп берген маегиңизге!

Маектешкен Кызгалдак Жакыпова, «NazarNews.kg»

Последние новости