www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-декабрь күнү Ингушетияда өткөн күжүрмөн самбо (боевой самбо) боюнча өткөн турнир массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу маалыматты андагы турнирди көрүүгө баргандардын бири видеосу менен бирге Твиттерге жарыялады.

“Ингушетияда самбо боюнча өтүп жаткан турнир учурунда коңшу Чеченстандан келген коноктор менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда массалык мушташ чыгып кетти. Мушташка баары – турнирге катышып жаткан спортсмендер, көрүүчүлөр, машыктыруучулар, ал гана эмес калыстар да катышкандай болушту”, - деп жазат Baza аттуу аккаунт өзүнүн баракчасына.

Кийинчерээк маалыматты Ингушетиягы Россиянын Спорт министрлигинин аймактык басма сөз кызматы да ырастаган.

Андагы маалыматка ылайык, беттеш учурунда бир спортчу экинчи спортчуну түртүп жиберген, буга жини келген спорт күйөрмандары татамиге жапырт чуркап чыгышып, мушташ башталып кеткен. Тирешүү спорткомплекстин күзөт кызматы тарабынан тез токтотулуп, тартип бузгандар залдан чыгарылган. Окуяга укук коргоо органдары чакырылган эмес.  

Турнир өткөн "Магас" спорт  ордосу 2016-жылдын декабрь айында ишке берилген. Ал 3,5 көрүүчүгө ылайыкташкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости