www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-спикер, учурдагы ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун иш кабинетине кыргыздын лидерлери чогулуп калат. Асылбек Жээнбеков «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановго суроо салат:

-Эки жерде эки канча? –деп.

-Үч! – дейт Сулайманов.

-Сиз абдан сарамжалдуу тырыш, таштырмак экенсиз, сиз экономика жана бюджет жаатын көздөңүз. - дейт.

«Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбековго суроо салат:

-Эки жерде эки канча? –деп.

-Төрт!- дейт Салымбеков.

-Сиз  акылдуу экенсиз, илим, билим жаатын көздөп, университет куруңуз.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге суроо салат:

-Эки жерде эки канча? –деп.

-Беш!- дейт.

-Сиз абдан берешен экенсиз, сиз элге трактор таратыңыз.

«Республика» партиясынын лидери Бабановго суроо салат:

-Эки жерде эки канча? –деп.

-Сиз канча десеңиз ошончо!- дейт Бабанов.

-Во! Накта коррупцияга каршы күрөшө турган сиз окшойсуз!–деп баш бармагын көрсөтүптүр Асылбек Жээнбеков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости