www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Россиянын

21-июнда Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти Россиянын бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болору аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта. 

"Спутник Лайт" Гамалея борбору Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) менен биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Кыргызстан Россияда коронавируска каршы биринчи өндүрүлгөн "Спутник V" вакцинасын 2021-жылдын февраль айында каттоого алган. Аталган вакцинаны дүйнөдөгү 67 мамлекет жактырган. Анын натыйжалуулугу 97,6 пайыз деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости