www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга инвестор табуу ишин ар бир облус губернатору өз колуна алышы керек. Мындай пикирин Кыргызстандын Украинадагы Соода палатасынын өкүлү, ишкер Азамат Исмаилов жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Ал өз сөзүндө Украинаны мисал келтирип, ал жакта ар бир облуста өзүнчө инвестициялык форумдар өтүп турарын белгиледи.  Жана чет мамлекеттен ири инвестор издей бербей, сырттагы мекендештерге да көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

"Мисалы: Ысык-Көл облусунун губернатору ошол региондо төрөлүп-өсүп, башка өлкөдө ийгиликтерге жеткен 20 чакты ишкерди таап туруп, аларды мекендин өнүгүүсүнө салым кошууга чакырса болот. Биздин ар бир ийгиликтүү мекендешибиз Кыргызстанга инвестиция кылгандан баш тартпайт. Биринчи өзүбүздөн баштасак, анан башка өлкөдөгүлөр аны көрүп келип башташат. Жылына ар бир облус бирден инвестициялык форум өткөрсө, бизде 30 мамлекеттин элчилиги бар, аларга губернаторлор өздөрү кайрылып, экиден болсо дагы бизге ишкер алып келип бергиле десе, 60 ишкер келмек. Ошолордун 3-4ү эле кызыгып, облуска инвестиция кылса, бул дагы — жыйынтык", — дейт ишкер.

Анын пикиринде, инвестициялык форумдарды алгач облустук деңгээлде, кийин мамлекеттик деңгээлде өткөрсө болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости