www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоо лыжа сезонунун расмий ачылышы эмки жумада болжол менен 22-декабрда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Кышкы лыжа сезонунун ачуу аземи Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өтөт.

"Бул иш-чара Чүй облусунун кайсыл тоо лыжа базаларында өтөөрү так чечиле элек. Планда эки тоо лыжа базасы бар, анын ичинен бирөө тандалат", - деп билдирди Жаманкулов.

Эске салсак, Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы бар. Заманбап тоо лыжа базалары негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости