www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сенаты коомдук жерлерде тилемчилик кылууну кылмышка теңеген мыйзам долбоорун колдоду. 13-декабрдагы добуш берүүдө парламенттин жогорку палатасы президент Шавкат Мирзиёев сентябрда киргизген сунушту жактырды деп жазат Азаттык.

Жаңы мыйзамда кайыр сурагандарга 25-75 долларга барабар айып пул салуу каралган. Акча төлөй албагандар 15 күнгө чейин камалат. Дагы бир жолу кармалса, анда 240 саат коомдук иштерге тартылат же бир жылга чейин түрмөгө камалат.

Мыйзам долбоорунда балдарды, улгайган адамдарды же майыптарды пайдаланып, тилемчилик кылдырган кылмыштуу топторду жазалоо да каралган.

Кабыл алынган документте “Тилемчилик деген түшүнүккө коомдук жерлерде акча, тамак-аш башка нерселерди суроо кирет” деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости