www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков аны каралап, аброюна шек келтиргени үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берерин билдирди.

Алмазбек Атамбаев жакында эле телеберүүдөгү маегинде анын өзүн текшергенден мурда “өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп байыган Келдибеков менен Түлеевдерди текшериш керек” деген пикирин билдирген.

Эскерте кетсек, Ахматбек Келдибеков kyrgyztoday.kg Интернет-сайтын бир миллион сом доо коюп, сотко бергени белгилүү болду. Буга чейин ал "Азия Ньюс" гезитин сотко берип, 2 миллион сом утуп алган.

"Оозуна келгенди оттогонун токтотсун!"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков NURTV телеканалындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берерин жарыялады.

Ал Атамбаев президент кезинде жана андан кийин да бир топ саясатчылардын, алардын арасында анын өзүнүн да жеке аброюна шек келтирип, каралап, кемсинткени үчүн сотко кайрылууга мажбур болуп жатканын билдирди:

- Атамбаевге мен жооп иретинде айткым келет. Ал оозуна батышынча сүйлөп жүрдү. Бүгүн дагы ошол адатын койбой, бир топ адамдын аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Жеке менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн мен аны сотко берем. Эгерде ал сотко келип, далилдеп бербесе, анда мен аны жоопко тартууну соттон талап кылам. Себеби, Атамбаевге башка адамдарды кемсинтүүгө ким укук берди? Анын эч андай укугу жок. Ал бүгүн биз сыяктуу эле катардагы жаран. "Экс" дегени жакында алынат. Анда "экс" деген макам да, кол тийбестик да болбошу керек. Ал оозуна келгенди сүйлөй бергенин токтотушу керек.

Бирок Ахматбек Келдибеков Алмазбек Атамбаевдин бийликте тургандагы же кызматтан кеткенден кийинки кайсы сөзү анын аброюна шек келтиргенин тактаган жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости