www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов "ResPublica" маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу сүйлөп жатып, өткөн жылдагы маалымат каражаттарына берилген миллион сомдук доо арыздарды өнүгүүнүн бир көрүнүшү катары сыпаттады.

- Сөз эркиндиги бир жыл ичинде өзгөргөн эмес жана өзгөрө деле албайт. Биздин журналисттер жетиштүү деңгээлде эркин жана дасыккан. Өткөн жылдардагы миллион сомдук доолор канчалык катуу угулбасын, муну өнүгүү деп айтсак болот. Журналисттер жарыялап жаткан материалдарына дыкат мамиле кылып калышты. Өздүк цензуранын пайдалуу жактары да бар.

Өткөн жылы Башкы прокуратура андагы президент Алмазбек Атамбаевдин намысына шек келтирди деген жүйө менен бир катар маалымат каражаттарына айып таккан. ​

Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер: Нарын Айып 9 миллион, Дина Маслова 3 миллион, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул чечимди шаардык жана Жогорку сот күчүндө калтырган.

Бул иштер бардык соттук инстанциялардан каралып бүтүп, өкүм аткарыла баштаганда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жакупова менен Идиновдон өзүнүн доосун чакыртып алган, - деп жазат "Азаттык".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости