www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда арак-шарап кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктин түрлөрүнө жана этил спиртине болгон акциздик салык жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин арасында акциздердин баасын шайкеш келтирүү үчүн жасалды.

Алкоголдук ичимдиктерге болгон акциздер бир литрине 70 сомдон 100 сомго чейин көтөрүлдү.

2021-жылы алкоголдук ичимдиктердин ушул түрлөрүнүн бир литрине болгон акциздер 120 сомду түзсө, 2022-жылы – 140 сом, 2023-жылы 160 сом болот.

Этил спирти

Этил спиртине болгон акциздик нарк мурда 70 сом болсо, азыр бир литри 100 сом болду. Кийинки үч жылда акциздик салык 20 сомго кымбаттайт.

Коньяк

Коньяктын бир литрине болгон акциздик нарк 52 сомдон 70 сомго чейин болот. 2021-жылы бул сумма 80 сом болсо, 2022-жылы — 90 сом, 2023-жылы 100 сомду түзөт.

Аны менен бирге алкоголу азыраак ичимдиктердин бир литрине 200 сом өлчөмүндөгү акциз коюлду, буга чейин ал 70 сом болуп келген.




 Булак:NazarNews.kg

Последние новости