www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Кош бойлуу дарыгерге кол салган айымды милиция издөөдө

Кечээ, 21-январда 5 айлык кош бойлуу педиатрга кол көтөргөн бейтаптын видеосу тараган. Бул окуядан кийин педиатрдын боюнан козголуп, ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган. Жогорудагы бейтап милиция тарабынан изделип, жаткандыгы тууралуу аталган кызматтын өкүлдөрү кабарлашты.

Окуя 21-январда №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасында болуп өткөн. Бейтап педиатрга кол салгандыгынын себеби алдын ала айтылган кабарлар боюнча медик анын ангина менен ооруган баласын оорунага жаткырууга макул болгон эмес.

Белгилүү болгондой 21-январда №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын тез жардам кызматынын дарыгери С. Н. Октябрь РИИБине кайрылган. Анда дарыгердин кабыл алуусундагы бейтап өзүн агрессивдүү тутуп, жаман сөздөрдү сүйлөп, дарыгерге жаракаттагандыгы тууралуу  айтып, аялга чара көрүүнүн сураган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119- (майда бейбаштык) беренеси менен катталып, бул факты боюнча тиешелүү бардык экспитизалар дайындалган. Милиция кызматы оперативдик-изилдөө иш-чарасын жана анын өздүгүн тактоо ишмердиги жүрүп жаткандыгын билдиришти.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

И снова 3 детская 😡 Сегодня в 14 часа дня пациентка из за того что ее начали снимать на видео потому что она ругалась и нецензурно выражалась из за того что другой врач ей сказала что мы с ангиной не госпитализируем, и что ребёнок вообще не нуждается даже в другой больнице в госпитализации так как ребёнок 4 х лет стабильный и маму беспокоил только частый кашель. Агрессивная мамаша телефон выкинула выхватив из рук, сильно несколько раз ударила по животу набросилась. Я просто не могу понять почему нас врачей так ненавидят, с нами как только не обращаются они должны нас убить тогда люди успокоятся и кто то начнёт на что то реагировать не за что ну ребёнка посмотрели же полностью объяснила врач что при ангине кашляет, и вчера был ребёнок осмотрен есть назначения на руках она вообще не в какую.

Публикация от KG Врачи 🇰🇬 (@kg_vrachi)

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости