www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл былтыркыга караганда уйдун эти 20 сомго кымбаттады. Бул жылы Кыргызстанда малдын эти эле эмес ун да кымбаттаган.
2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6 пайызга, жогорку сорттогу ун 3,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялаганда маалымдалат.
2018-жылдын октябрь айында 1-сорттогу ундун баасы 29,25 сом, жогорку сорттогу ундун баасы 37,36 сом болсо, быйыл биринчи сорт 31,1 сом, жогорку сорт 38,89 сом деп белгиленди. Ошондой эле күрүч былтыр 70,99 сом болсо, быйыл (9 пайызга өстү) 77,10 сом болгон. Былтыр уйдун эти 323,45 сом болсо быйыл 341,75 сомду түздү.
Булак: NazarNews.kg