www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунда 25 жаштагы жигит мүмкүнчүлүгү чектелген 45 жаштагы аялды зордуктап салган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, ушул жылдын 13-августунда түнү белгисиз адам Бала-Чычкан айылында жашаган 1974-жылы туулган К.А.Э. аттуу 2-топтогу майыптын үйүнүн эшигин тээп сындырып, аял уктаган бөлмөгө кирип, аны күч колдонуп зордуктап салган. 

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада кылмышка шектүү делип 1994-жылы туулган У. уулу И. аттуу аталган райондун тургуну кармалган. 

Аталган кылмыш иштин материалдарын райондук сот карап чыкты. Сотто айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган. 12-августта айылдык дүкөндөрдүн биринен 3 литр сыра алып, үйүнө келип иче баштаган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин катуу мас болуп калып, Арал айылынан Бала-Чычкан айылына тааныш аялдыкына, таагырагы жабырлануучунун үйүнө барган. Аялдын каршылык көрсөткөнүнө карабай аны зордуктап салган. Анын айтымында, ал буга чейин дагы жабырлануучунун үйүнө эки жолу барган жана эки жолу тең экөөнүн ортосунда жыныстык катнаш болгон. 

Сот отурумунда айыпталуучу кылган ишине өкүнүп жатканын жана жаштыгында ката кетирип алганын айтты. Ошондой эле, үй-бүлөсүнүн оор абалын эске алып, оор эмес жаза өкүмүн чыгарып берүүнү суранган. 
Жабырлануучунун айтымында окуя болгон күнү кечинде саат 22:00 чамасында уктайын деп жаткан. Түн ичинде көчөдө кандайдыр бир үндөр угулуп, эшикке чыгып карайын десе белгисиз адам үйүнө кирип келип, ага күч колдонуп оозуна арак куят. Андан кийин аны чечин деп, эгер чечинбесе өлтүрүп салам деп коркутат. Эртең менен айыпталуучу кепкасын унутуп калганын көрөт. 

Мындан сырткары, айыпталуучу буга чейин да келип ызы-чуу  салып кеткенин айтып, анын апасы менен эжеси келип кечирим сураганын кошумчалаган. 

Токтогул райондук соту айыпталуучуну күнөлүү деп таап, аны 6 жылга эркинен ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости