www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кыргоол, ондатра жана уларга мергенчилик кылууга жаңы сезон ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта мергенчилик кылууга канча башты кармоого же атууга уруксат берилгендиги белгиленген. Кыргоол – 4250 баш, улар -1200 баш, ондатра – 1500 баш атууга уруксат берилген. Бул иш чаранын негизги максаты, ресурстарды үнөмдүү колдонуу, туяктуу жапайы жандыктарды коргоо, био ар түрдүлүктү теңдөө жана аз сандагы  жандыктарды көбөйтүү максатында жүрүп жатат.

Азыркы учурда Кыргызстанда болжол менен 31 миң 568 кыргоол, 27 миң 569 улар жана 19 миң 823 ондатра бар.

Мергенчилик сезону декабрь айынын биринчи жумасында чейин уюштурулмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости