www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө уран менен торий казылбасын жана алар сырттан алынып келип иштетилбесин! Мына ушундай мазмунду камтыган мыйзам долбоор бүгүн 30-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында үчүнчү окууда каралды.

Анда белгилүү болгондой, эгер бул долбоор колдоо тапса, бул металл кендерин буга чейин иштетип келген жеке компаниялардын дагы иши токтойт. Алардын салык төлөп жатышканын эске алган депутат Дастан Бекешовго Шыкмаматов: “Ачык эле айтып коёюн, бул мыйзамга өкмөт каршы болуп жатат. “Кара-Балта заводу жабылып калат”-деп жатышат. Жабылбайт. Мыйзамды Чаткал менен Таластагы алтынды иштетүү үчүн ыңгайлаштырыш керек. Биз бир калдык сактоочу жайды кармап туруу үчүн бюджеттен жылына 10 миллиондогон сом сарптап жатабыз. Тескерисинче, экономикага зыян келтирип жатпайбызбы”, -дейт ал.

Белгилей кетсек, Шыкмаматов буга чейин уран казуу боюнча өкмөт сунуштап келген мыйзам долбоорго каршы пикирин айтып чыккан жалгыз депутат болучу. Ошондуктан бул уран менен торийди казууга каршы мыйзамды демилгелеген парламенттеги депутаттар дагы Алмамбет мырза менен кеңешкендерин айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости